<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>C</key>
<hymn_number>91</hymn_number>
<title>Сүйүүң Сенин тунук мөлтүр булактан да РЫЖ91</title>
<lyrics>[V1]
.  C                  Am
 Сүйүүң Сенин тунук мөлтүр булактан да,
.  F                  G
 Жашоомо дем берет кыйын убактарда.
. C                   Am
 Жанымды сооротот, тынчтык берет мага,
. F                    G
 Күн нурун чачкандай Сенин сүйүүң, Ыйса.

[C1]
.   C                  F           G
   Наның, сууң, абаңды бергениңе ырахмат!
.   F               C       G
   Ден соолук, күч-кубат ыроолойсуң, ырахмат!
.  C                  F           G
   Кам көрүп, бөпөлөп жүргөнүңө ырахмат!
.   F               C       G
   Күнөөмдү кечирип, өмүр бердиң, ырахмат,
.        G        C
   өмүр бердиң, ырахмат!

[V2]
 Сүйүүң Сенин чексиз, өзгөрбөйт эч качан,
 Убадаңа бексиң, айтканың аткарган.
 Ишенимдүү жана керемет Кудайым,
 Шарт койбос сүйүүңө түбөлүк ыраазымын.

[V3]
 Сүйүүң Сенин ыйык, кемтиги жок, кенен,
 Сенин сүйүүң ысык, жүрөктү эриткен.
 Дүйнөдө табылбас сүйүүңө тартылам,
 Сүйүүңө бөлөнүп, кубанам, шаттанам.

[V4]
 Сүйгөндүктөн келдиң асманыңды таштап,
 Күнөөлөрүм үчүн тарттың оор азап.
 Сүйүүң менен жаптың бүт күнөөмдү менин,
 Кечирдиң, актадың, адилет Теңирим.</lyrics>
</song>